Мен 20 жаштамын. Кантип паспорт алсам болот?
2020.12.23, 13:04
1753
Саламатсызбы! Мен 20 жаштамын. Паспорт ала элекмин. Биринчи паспорт алып жатканда кандай документ керек жана ушул убакка чейин албаганым үчүн штраф төлөп каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.12.2020, 13:07
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Идентификациялык картаны өз маалында документтештирбей калган учурда, төмөнкү документтер топтомун чогултасыз:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ПИН ;
- Ата-энесинин паспорттору;
- Жашаган жери боюнча каттоосу;
- Жашаган жеринен алынган маалымкат;
- Өмүр баяны;
- Түшүнүк кат.
Ал эми бул документтер паспорттук столдон жүргүзүлөт:
- Электрондук анкета-арыз;
- Электрондук фотосүрөт;
- Жарандыгын аныктоого берилген арыз.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер топтолгондон кийин арыз берүүчүнүн КР жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу корутунду чыгарылат.
- Окуган/иштеген жеринен алынган маалымкат//аттестат;
- КР ИИМинен алынган соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3 кошунасынан алынган акт;
- Жарандыкты аныктоого карата мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
- Төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Ишиңизге ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп