// //

Он бир жаштагы кызымдын төшү бат өсүп жатат. Бул нормалдуу элеби?

2020.12.22, 12:14
1967

Саламатсызбы! Он бир жаштагы кызымдын төшү бат өсүп жатат. Кармаса ооруйт экен, без сыяктуу бир нерсе дагы бар деп жатат. Өзү кичинекей эле кыз. Эмнеге бат өсүп жатат жана бул нормалдуу элеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.12.2020, 13:10

Аида Осомбаева

Маммолог

Саламатсызбы! Алгач шишик бар же жок экендигин аныкташ керек. Бул үчүн сөзсүз түрдө маммологго кайрылып, УЗИ жасатуу зарыл. Эгерде УЗИнин жыйынтыгында шишик жана кандайдыр бир өзгөрүүлөр жок экени аныкталса, анда баары жакшы. Мындай учурда сүт бездери 8 жашынан баштап чоңоюшу мүмкүн, бул кызыңыздагы өзгөчөлүк, ошондой эле генетика менен байланыштуу болот.

Жалпысынан, 11 жашынан баштап сүт бездеринин өсүшү нормалдуу эле болуп саналат. Сиз сөзсүз түрдө кызыңызды маммологго алып барып текшертип коюңуз. 

Ден соолукта болуңуз!

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт