// //

Маркум инимдин үйү автоматтык түрдө аялына өтөбү же биз дагы алсак болобу?

2020.12.22, 11:51
2016

Саламатсызбы! Жалгыз бир тууган инибиз жакында каза болду. 13 жана 15 жаштагы эки кызы бар. Ата-энебизден калган чоң үй инимдин наамында эле. Биз бир туугандары болобуз, үч кызбыз. Ошондо үй бизге дагы бөлүнөбү же аялына автоматтык түрдө өтөбү? Келинчеги жаш, сулуу. Экинчи ирет турмушка чыкса, кыздары чоңоюп өздөрү менен болуп кетсе, ата-энебизден калган тамдын босогосун аттабай калабызбы деп кабатыр болуп жатабыз.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.12.2020, 11:55

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматуу окурман! Биринчиден, иниңиздин арты кайрылуу болсун! Экинчиден, маркумдун артында эмне мүлк болсо, алар аялы менен балдарынын ортосунда бөлүнөт. Тактап айтканда, жашап жаткан үй кимдин атында болсо, ошол адамдын балдары биринчи кезектеги мураскор болуп эсептелет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт