// //

"Пузырный занос" болгондон кийин боюма бүтпөй жатат. Эмне кылсам болот?

2020.12.22, 11:05
1798

Саламатсызбы! Эки жыл мурун боюма бүтүп, бир айдан кийин балам өспөй калган. Кан келип "пузырный занос" болдум. Азыр баары сонун, болгону кайрадан кош бойлуу боло албай жатам. Анализдерим, УЗИ жакшы чыгып жатат. Жашым отуздарга барып калды, төрөй элекмин. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.12.2020, 11:11

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Эгерде эки жылдан бери боюңузга бүтпөй жатса, анда жүйөлүү бир себептер бар. Бул жатын фактору (жатын кабыгынын өнөкөт сезгениши), энелик без (гормоналдык өзгөрүүлөр) жана тубо-перитонеалдык фактор (кичи жамбаштагы спайкалар) болушу мүмкүн. Алардын ар бири текшерүүдөн өтүп, дарыланууну талап кылат. Ошондой эле, күйөөңүздүн спермасынын сапатын жана пайызын текшертип көрүү керек.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт