Боюна жаңы бүтө баштаганда айыз келе береби?
2020.12.21, 17:26
2020
Саламатсызбы! Боюна жаңы бүтө баштаганда айыз келе береби? Же түйүлдүккө уруктук түшкөндөн кийин эле айыз келбей калабы? Айызыма 3-4 күн калганда жыныстык катнашка баргам. Календарда бойго бүтүүнүн көрсөткүчү орто болчу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2020, 17:27
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Кутмандуу кечиңиз менен!
Айызыңыз келген болсо кош бойлуу эмессиз. А эгер этек кир 1-2 күнгө кармалса кош бойлуумунбу деп ойлонсоңуз болот.
Кээ бир айымдар кош бойлуу болуп калганын билбей, кан кетип, козголуу болуп жатканына көңүл бурбай коет. Ошол үчүн этек кириңиз 1-2 күнгө кечиксе кош бойлуулукту аныктоочу тест салып көрүңүз.
Ден соолук каалайм!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова менен @doctor_sourbekova_gynekologist инстаграм баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
0
Пайдалуу жооп