// //

Ломбарддагылар "ичи жез браслет койдуң" деп үстүмөн милицияга арыз жазышты

2020.12.21, 11:41
1856

Саламатсызбы! Мен беш жыл мурун бир ломбарддан алтын браслет алгам. Ал ломбард азыр жок экен. Үч ай мурун акча керек болуп, браслетти башка ломбардка койгом. Убагында акчасын төлөй албай калдым. Анан ломбарддагылар  браслетти жакшылап карашса, сырты алтын, ичи жез экен. Мен билген эмесмин. Эми алар үстүмөн милицияга арыз жазышты. Эми эмне кылам? Эки кичинекей балам бар, батирде турам. Кабатыр болуп, айла таппай жатам.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2020, 12:08

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Алган акчаңызды бергенге аракет кылыңыз. Сиздин аракетиңизде кылмыштын курамы жок деп эсептейм. Себеби ломбарддын кызматкерлери алтын браслетти өздөрү текшерип, кандай болсо ошондой кылып алган. Ошондой эле, белгилеп кетчү бир жайдай бар, мындай иш менен сизди эч ким камакка албайт. Эң негизгиси акча таап, карызыңды төлөп коюңуз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт