Каштын бир тал чачын терип койсоң дагы күнөө болуп эсептелеби?
2020.12.21, 10:25
3052
Саламатсызбы! Исламда каш терүүгө болбойт экенин билем, бирок мусулман, ошол эле араб аялдары ар дайым терип жүрүшөт. Сурайын дегеним, каштын бир дагы тал чачына тийсе болбойбу же айрым бөлүгүн терүүгө уруксат берилеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2020, 10:26
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Эгерде каштын ортосу биригип калса, коюу же узун болуп өсүп кетсе, көздү жаап көрүүгө тоскоол болуп жатса, анда ашыкча түктөрдү терип, өз формасына алып келип койсо болот. Мындай учурларга шариятыбыз уруксат берет. Ал эми жөн эле мода катары терүүгө тыюу салынат.
0
Пайдалуу жооп