Контрактын жарымын төлөбөсөк университет модулга киргизбей коебу?
2020.12.18, 17:22
1461
Саламатсызбы! Мен университетте 4-курста окуйм. 14-декабрдан баштап модуль башталат. Эгер контракттын 50% акчасы төлөнбөсө, модулга киргизишпейт экен. Эгер 50%ын төлөбөсөк, университет бизди модулга кирүүгө уруксат бербей коюуга укугу барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.12.2020, 17:23
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Тилекке каршы, сурооңузга толук жооп берүү үчүн университет менен түзгөн келишимиңизди карап чыгышыбыз керек. Ал жерде төлөм акысы тууралуу эмне деп жазылган жана кол коюп жатканда тааныштыңыз беле? Ошол контракты бир карап чыгыңыз. Эгерде 50% төлөш керек десе, анда төлөйсүз. Антип жазылбаган болсо, университеттин жетекчилигине кайрылыңыз. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп