// //

Мастопатия жөнүндө ар бир аял эмнелерди билиши керек

2020.12.18, 11:42
9865

Мастопатия ар кандай курактагы аялдарда кездешет. Тактап айтканда, төрөгөндөрдө дагы, төрөбөгөндөрдө дагы болот. Маммолог Аида Осомбаева анын пайда болуу себептери, белгилери жана дарылоосу жөнүндө айтып берет.

Оору эмнеден улам пайда болот?

Мастопатия - бул эмчек безинин оорусу. Башкы себеби организмдеги гормондордун бузулушу жана стресс болуп саналат. Тилекке каршы, көпчүлүк аялдар бул ооруну этибарга албай жүрө беришет. Бирок, кооптонууга негиз бар. Аны сөзсүз түрдө дарылаш керек, эч качан өзүнөн-өзү кетпейт.

Мастопатия диагнозу коюлган бейтаптарда эмчек рагынын пайда болуу коркунучу жогору. 

Оорунун негизги белгилери кандай?

Мастопатиянын түрлөрү бар, белгилери ошого жараша болот. Мисалы, диффуздуу мастопатияны алалы, аялдын эмчек бездери оорутат, ыңгайсыздык сезими пайда болот. Кистоздук мастопатияда өлчөмүнө көңүл бурулат. Эгер ал кичинекей болсо, бейтап УЗИге түшмөйүн байкабай жүрө бериши мүмкүн. Түйүндүү мастопатияда аял өзү эмчек бездерин кармаласа дароо билинет. Оору өтүшүп баштаганда эмчекке кол тийип кетсе эле ооруйт, оорутуу ийинге, колтукка өтүшү мүмкүн.  

Оорунун келип чыгуу себептери эмнеде?

  • Органbзмдеги гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу
  • Стресс
  • Бойдон алдыруу
  • Бойдон түшүү
  • Семирүү
  • Тукум куучулук
  • Баланы эмизүүдөн баш тартуу (баланы мүмкүн болушунча көбүрөөк эмизүү сунушталат) ж.б.

Ооруга кантип диагноз коюлат?

Диагноз коюу үчүн сөзсүз түрдө УЗИ жана маммография жүргүзүлөт. Буга чейин маммолог эмчек бездерин кармалап көрөт. Эндокриндик системанын органдары дагы текшерилет, анализ үчүн кан алынат. Жыйынтыгына жараша дарылоо аныкталат.

Ооруну алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Мастопатияны алдын алуу үчүн сергек жашоо принциптерин сактап, стресстен алыс болуп жана тамактанууну нормалдаштырууну керек. Ошондой эле кофены, коюу демделген чайды азыраак ичип, зыяндуу адаттардан арылуу сунушталат. Профилактика үчүн маммологго барып текшерилип туруу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт