// //

Жыныстык катнаштан кийин секирсең боюңа бүтпөйбү? Контрацепция тууралуу мифтер

2020.12.17, 10:25
2994

Bilesinbi.kg күтүүсүз кош бойлуулукту алдын алууда колдонулган негизги мифтер жана туура эмес түшүнүктөр жөнүндө акушер-гинеколог Раушан Джумагуловадан сурады.

Миф №1. Жыныстык катнаштан кийин дароо жуунсаң боюңа бүтпөйт

Секстен кийин дароо жуунсаң бойго бүтпөйт деген калп. Анткени, сперматозоиддер абдан кыймылдуу келет жана жыныстык катнаш учурунда жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Чуркап барып ваннага түшкөн күндө дагы, кандайдыр бир бөлүгү жыныс кынына кирип кетет.

Миф №2. Жыныстык катнаштан кийин секирсең сперма чыгып, уруктануу болбой калат

Бул пайдасыз ыкма. Кандайдыр бир кыймыл-аракеттер, ошол эле секирүү же дароо ордунан тура калуу сперматозоиддердин жыныс кынына өтүүсүнө тоскоол болбойт. Бойго бүтүп калуу ыктымалы жогору.

Миф №3. Секстен кийин туалетке баруу кош бойлууктан сактайт

Сперма коюу болот. Суу же заара тийсе эле, дароо жуулбайт. Бойго бүтүп калуу үчүн бир сперма жетиштүү. Ошондой эле, заара чыгаруучу канал менен жыныс кынынын эч кандай байланышы жок. Бул метод дагы иштебейт.

Миф №4. Кир самындан өтөрү жок

Дарыгердин көрсөтмөсү жок эч нерсе кылбаш керек. Ошол эле кир самынды контрацепция үчүн колдонуу чоң жаңылыштык, ден соолук үчүн кооптуу. Кир самын сперматозоиддерди өлтүрбөйт. Самындын курамындагы щелочь кындын микрофлорасына терс таасир тийгизет.

Миф №5. Лимондун эритмеси менен жуунсаң боюңа бүтпөйт

Бул дагы убакытты текке кетирген процедура. Лимондун кислотасы сперманы өлтүрбөйт. Бул ыкманы колдоном деп жатып, жыныс кынынын былжырлуу кабыгын күйгүзүп алышыңар мүмкүн. Ошондой эле инфекциялар кирип кетип олуттуу кесептеттерге алып келет. Андыктан, гинеколог менен кеңешип, рыноктогу контрацепцияларды колдонгондон артык нерсе жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт