Эмне үчүн терминалга акча салсаң кайра чыгарып коет? Адис жооп берет
ААК "Айыл Банктын" кардарларды тейлөө кызматынын жетектөөчү специалистти Диана Саматбекова түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын төлөм карталарына акча жөнөтүү тууралуу суроолорго жооп берди.
Картага жаңылыш которулган акчаны кайра чыгарып алсаң болобу?
Эгер өзүңүздүн картыңызга жаңылыш сумманы которуп алсаңыз, анда бизге келип арыз жазсаңыз чыгарып беребиз. Ал эми башка бирөө төлөм картыңызды толуктаган болсо, анда ал адам өзү эмес, сиз кайрылышыңыз керек болот.
"Айыл банкта" төлөм карталарын толуктоонун кандай жолдору бар?
Бизде Элкарт төлөм картына накталай жана накталай эмес жөнөтүүлөр бар. Накталай болгондо, PAY24 терминалдарынан, "Айыл банктын" өзүнүн терминалдарынан жана касса аркылуу толуктайсыз. Ал эми накталай эмес болгондо, "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз картадан картага жөнөтө аласыз.
Терминалдан картага кантип акча которот?
Терминалдан акча которуу оңой эле. Мисалы, PAY24 же "Айыл банктын" өзүнүн терминалдарынан "Банк кызматтары" дегенди басасыз, ал жерден "Картаны толуктоо" функциясы менен бирге "Айыл Банкты" тандайсыз. Анан картанын номерин терип, акчаны которосуз. Акча алуучуга бир-эки саатта келип түшөт.
Эмне үчүн терминалга акча салсаң кайра чыгарып салат?
5000 сомдук, 2000 сомдук жаңы банкноталарды албай коюушу мүмкүн. Ошондой эле айрылып калган акчаны дагы албайт. Бул учурда кассага кайрылып, алмаштырып алсаңыз болот.
Паспорту жок акча которсоң болобу?
Тилекке каршы, паспорту жок келген кардарларды тейлей албайбыз. Буга биздин эрежелерибиз жол бербейт.