Төрөрүмө үч күн калганда ичимдеги балам чарчап калды. Эмнеден улам мындай болду?
Мына төрөй деп жаткан кезде ичимдеги балам чарчап калды. Врач жазып берген мөөнөткө үч күн калган эле. Боюмда болгон кезден баштап өзүмдү жакшы карадым, анализдерим сонун болчу, ооруган жокмун. Баланын дагы өсүүсү жакшы болчу. Айтор, жакшынакай, бирок өлүк бала төрөдүм. Эмнеден улам чарчап калышы мүмкүн? "Загиб матки" дегенде бойго бүтпөйт дешет экен. Ошондой болдубу? Дарыгерлер жатынымдын чоң экенин айтышкан. Канча сактанып кайра бойго бүтүрсөм болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Башыңыздан оор жоготуу өтүптүр, айрыкча толук мөөнөттөгү кош бойлуулук экен. Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тилекке каршы, мындай учурлар боло берет, андыктан көп кайгырбаңыз. Так себебин гистологиядан жана "вскрытия" жасагандан кийин билүүгө болот. Жок дегенде, плацентанын гистологиясын жасатып көрүңүз. "Загиб матки" буга бирден-бир себеп боло албайт. Эмне үчүн мындай болуп жатат деп жазыпсыз. Демек, бул сиздин биринчи жоготууңуз эмеспи? Бул учурда дагы толук экспертиза талап кылынат. Инфекцияларды, тукум куума тромбофилияны изилдеп, APS синдромун жокко чыгаруу керек. Төрөттөрдүн ортосундагы тыныгуу кеминде эки жыл болушу зарыл. Сизге ден соолук каалайм, кийинки кош бойлуулугуңуз жакшы өтсүн.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.