Иним келиниме "ажырашууга арыз жаз" деп кыйнап жатыптыр. Эмне кылса болот?
Саламатсызбы! Иним келиниме "ажырашканга арыз жаз",- деп кыйнап жатыптыр. Ортолорунда төрт бала бар. Азыркы алам деп жаткан аялын келиним сотко берсе болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Ар бир адамдын сотко кайрылууга укугу бар. Бирок, маселе сотко кайрылуу менен эле бүтпөйт, сотко эмне жөнүндө кайрылуу керек экендигин билүү керек. Сиздин оюңуз боюнча келиниңиз сотко эмне деп кайрылат? Ошондуктан сотко кайрылуудан мурун жакшылап ойлонуу зарыл, жүйөөлүү бир себеп талап кылынат.
Нике эки тараптын өз ыктыяры менен курулат. Бүгүнкү күндө иниңиз аялы менен жашагысы келбей жатабы, анда аны эч ким "жаша" деп мажбур кылалбайт. Өзү төрт баласын ойлосо болмок. Эркектер балдарды көп карабагандыктан, бала кароо кандай чоң жоопкерчиликтүү иш экендигин билишпейт. Ошондуктан келиниңиз бүт жоопкерчиликти өз мойнуна ала бербей, "үйлөнсөң балдарды сен кара",- деп айтсын. Атасы болгондон кийин карасын, кийимдерин жуусун, ысык тамагын берсин. Ал эми келиниңиз балдардан бир аз эс алсын. Ошондо иниңиз аз эле убакыттан кийин төрт баланы кароо кандай түйшүк экенин түшүнөт. Андан тышкары, ажыраша турган болушса, келиниңиз балдарга алимент өндүрүп алса болот.