Апасынын макулдугу жок бала багып алсак болобу?
2020.12.14, 12:12
1147
Саламатсызбы! Ата-энем байкемдин баласын өз карамагына алалы дешкен. Бирок, баланын атасы менен апасынын макулдугу керек экен. Атасы макулдугун берген, апасын таппай жатабыз ,чалсак албайт. Апасынын макулдугу жок багып алсак болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.12.2020, 13:39
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Мыйзам боюнча апасынын макулдугу керек. Бирок, такыр эле баланын апасын табууга мүмкүн болбой жатса, анда ушул жагдайды баяндап сотко кайрылсаар болот. Соттук кароодо сот бул маселени чечет. Менин жеке оюм боюнча апасынын макулдугу жок, бул жагдай силердин пайдаарга чечилүүсү бир аз татал болот.
0
Пайдалуу жооп