Боюмдан алдырганга аргасыз болуп жатам. Баары бир күнөө жасаган болуп каламбы?
2020.12.11, 12:29
1676
Саламатсызбы! Мен үч жумалык боюмда бар. Бирок, ден соолугума байланыштуу алдырганга туура келип жатат. Бойдон алдыруу чоң күнөө экенин билем. Ичим жаман болуп жатат жатат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.12.2020, 12:41
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Жүйлөөлүү бир себептери бар болсо гана, айталы эненин ден соолугуна коркунуч туулуп жатса, анда бойдон алдырууга уруксат берилет. Ал эми себепсиз бойдон алдыруу чоң күнөө болуп эсептелет. Сизде себеп бар, андыктан кабатыр болбоңуз.
0
Пайдалуу жооп