Акча көбөйтүп берген нерсеге акча салып карызга батып калдым. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен бир акча көбөйтүп берген нерсеге акча салган элем. Кредитти жабып алайын деген ой болчу. Анан акчасын жакшы эле алдым, андан кийин ал жабылып калды. Жабылганына 5-6 ай болгон. Алар мага кайра чалып "акчаны төлөп бер",- деп жатат. Төлөбөсөм сотко берерин айтышты. Төлөгөнгө шарт жок. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кандай нерсеге акча салгансыз бизге белгисиз. Сурооңузда акчаны кандай шартта салганыңыз жана алганыңыз жөнүндө дагы жазган эмессиз. Ошондуктан толук жооп бере албайбыз. Бирок, жалпысынан айтканда акча берүү алүү бул келишимдин негизинде, эки тараптын шарттарынын көрсөтүүсү менен жүргүзүлүүсү керек.