Жалпы эл биригип бир адвокат жалдаса болобу?
Саламатсызбы! Жалпы элдин атынан адвокат жалдаса болобу? Биздин эл бир ууруну кармап алып, анын уурулугун ортого алып мойнуна койгонбуз. Кийин ал ууру "өлтүрөм деди, мени коркутту, сабады" деген жалган жалаа менен 30дай кишини сотко берип коюптур. Ошол нерсеге жалпыбыз бир адвокат жалдап, ал ууруну каматсак болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте, силердин адвокат алууга укугуңар бар. Бул жерде белгилеп кетчү жагдай бар, силер өз билемдик менен иш кылгансыңар. Анткени, "ууру" деп жаткан адамды, өз алдынча уурулугун мойнуна коюуга укугуңар жок эле. Мойнуна кантип койдуңар? Ур-токмокко алдыңарбы? Эгер ууру кармалган болсо, анын уурулугун 30 киши көргөн болсо, ошол 30 кишинин күбөсү, ал ууруну каматууга жетиштүү болот эле. Бирок, силер мойнуна коебуз деп жатып, ушул көйгөйгө кабылдыңар.
Менин практикамда дал ушундай иш болгон, элдер ууруну кармап алып, аны сабап мойнуна коюшкан эле. Жыйынтыгында ууру камалбай эле, аны уруп мойнуна койгон адамдар соттолушту. Урууну кармап алганда, биринчи кезекте милицияга кабар берүүңөр керек эле. Анан ошол уурулукка күбө болгон инсандар милицияга көргөн уурулук фактысы боюнча күбө катары көрсөтмө беришмек. Ошондо баары мыйзамдуу болмок.