// //

Апа, ата, силерди шылдыңдашат! Достору ата-энесин басынткан өспүрүмгө кеңеш

2020.12.07, 20:03
1794

“Атаң алкаш дешет”

Менин атам кээде ичип келет. Аны досторум көчөдөн көрүп калышат. Анан ойноп жатканда урушуп кетсек, “сенин атаң алкаш” деп шылдыңдашат. Ошол учурда эч нерсе кыла албай калам. Үйгө чуркап кирип кетем.

“Апамды туурап басышат”

Апам кичинесинде тамдын башынан кулаган экен. Ошон үчүн бир жакка ооп, анан сылтып басат. Мен апамды жакшы көрөм, бирок ага боорум ооруйт. Анткени айрым балдар артынан апамды туура басышат. Аларга ачуум келет. Курбу кыздарым дагы “апаң сылтып басабы”,- деп жөн эле сурап коюшса, сүйлөбөй кетип калам.

“Кедейсиң деп мени кошпойт”

Бөбөгүм, атам, апам, анан мен квартирада турабыз. Бөбөгүмдү жетелеп, көчөгө ойноюн деп чыксам “сенин ата-энең кедей”,- деп, бизди эч ким кошпойт. Кээ бирөөлөр “булар конфет жебейт”,- деп күлүшөт. Ата-энем келатса, “эй, сенин атаңдар келатат”,-деп көрсөтүп дагы күлүшөт.

Психолог Нуриза Батырбекова өспүрүмдөргө кеңеш берет:

  • Эң биринчи бул нерсени эсиңден чыгарба! Эч ким кандай үй-бүлөдө төрөлүшүн, ата-энеси кандай болушун тандабайт. Андыктан, бул жерде сенин күнөөң жок. Өзүңдү басынтпа!
  • Ата-энең кандай гана акыбалда болбосун, алар сен үчүн эң жакын адамдар болуп эсептелет.
  • “Эмнеге менин ата-энем мындай?”, “Мен эмне жаманмынбы?”, сыяктуу ойлор пайда болушу мүмкүн. Бул ойлор келери менен кубала. Болбосо, ачууң келип, агресивдүү же түнт боло баштайсың. Ата-энеңдин андай болуп калышы сенин тандооң эмес.
  • Ата-энеңди сыйлап, алар менен болгон жылуу мамилени сактаганга аракет жаса.
  • Бирөөлөр дагы ата-энеңди шылдыңдап баштаса сезимдериңди ачыкка чыгар. Мисалы, “сен антип айтып жатканда мен жаман болом”,- деп бир айтап көр.
  • Урушуп же мушташып кетүүнүн кереги жок. Жакшысы, андай балдар менен байланышта болбой эле кой. Алар өздөрү деле эмне кылып жатышканын түшүнүшпөйт. Кийин кылган аракеттери үчүн өкүнүшөт.
  • Чек араңды белгиле. Ал балдар менен сүйлөшкүң келбейби, “силер менен сүйлөшкүм келбейт”,- деп ачык айт.
  • Ата-энең башка адам, сен башка адам экениңди бил!
  • Ар бир үй-бүлөдө кыйынчылык болот экенин түшүн. Бүгүн жаман болсо, эртең жакшы күн келет.
  • Басынтуулар чектен ашып баратса, 111 балдар ишеним телефонуна, жакын адамдарыңа, мектептен болсо мугалимиңе, социалдык педагогго билдир.
  • Башка балдар убактысын мазактоолорго коротуп жүрсө, сен билим алып, келечегиңе кам көр. Ата-энең сени менен сыймыктана тургандай болуп бой жет.

#билесиңбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт