Күйөөм мен намаз окусам эле карыздан кутуларыбызды айтат. Бул туурабы?
Саламатсызбы! Менин жолдошум көп суммадагы акчага банкрот болуп калды. Мага айтпай процентке алган экен, алары өсүп кетиптир. Өзү намаз окуйт. Мен деле кудай деген адаммын, бирок намаз окуй элекмин. Эми экөөлөп иштейли десем, "сен намаз окусаң эле карыздан кутулуп калабыз",- деп жатат. Эмне кыларымды билбей жатам. Дин аалымдарынан сурап беринизчи. Намаз окуганда эле карыздан кутулуп кетебизби?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Намаз окутуу мажбурлап кыла турган иш эмес. Ар бир адам бул нерсеге өзү келиши зарыл. Карыздан кутулуу үчүн намаз окуп гана тим болбостон, чыгуу жолдорун издеп, аракет кылуу зарыл. Карызыңар көбөйүп кете электе, чогуу аракет кылгыла.