// //

Күйөөм "үйдү талашпайм" деп түшүнүк кат жазып берген. Үйдү өзүмө өткөрө аламбы?

2020.11.24, 15:26
1627

Саламатсызбы! Менин көйгөйүм бар эле, жооп бере аласыңарбы? Күйөөм менен Москвадамын. Чогуу жашаганыма 16 жыл болду. Үч балабыз бар. Учурда кош бойлуумун, жолдошум менен ажырашканы жатам. үйүбүз бар, бирок ал экөөбүздүн атыбызда эмес. Күйөөм "башка аялга үйлөнөм, үйдү талашпайм, балдарга жардам берем",- деп түшүнүк кат жазып берген. Ошол түшүнүк каттын негизинде үйдү өзүмө өткөзүп алсам болобу? Дагы бир суроом, Москвадан алимент кырктырсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.11.2020, 15:28

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Жолдошуңуздун түшүнүк кат жазып бергени жакшы. Бирок, бүгүнкү күндө документ боюнча үйдүн ээси ким? Сиз ошол ээсинен сатып алуу же белек кылуу келишиминин негизинде өзүңүзгө өткөрүп алсаңыз болот. Анан албетте, Москвадан алимент чыгартсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт