Алиментке менин атымдан таенеси барып арыз жазса болобу?
Саламатсызбы! Алиментке таенеси барып арыз жазса болобу? Бишкектин кайсы сотуна барып жазат? Алиментке өткөндөн кийин кайсы убактан баштап өндүрүлөт? Күйөөм менен үч жылдан бери жашабайбыз. ЗАГС жок. Өзүм чет жерде иштеймин. Таенеси үч жылдан бери карап келет, балам менен кызымды. Атасы ушул күнгө чейин жардам бербейт.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Таенеси өзү эле барып жазса болбойт. Апаңыз сот аткаруу мекемелеринде сиздин атыңыздан укугуңузду коргоосу үчүн юридикалык жактан күбөлөндүргөн ишеним кат берип жибересиз. Ал ишеним каттын негизинде кызыңыздын таенеси сиздин өкүл катары сотко катышат.
Алимент өндүрүү боюнча арыз менен сотко кайрылган болсоңуз, үч күндүн ичинде алимент өндүрүү боюнча соттук буйрук чыгарылып жолдошуңузга жиберилет. Ал буйрукту алгандан кийин 10 күндүн ичинде сотко каршы пикир менен кайрылбаса, анда соттук буйрук сизге берилет жана ал соттук буйрукту күйөөңүз жашаган аймактагы сот аткаруучуларга арыз менен тапшырасыз. Сот аткаруучулар арызыңыз боюнча эки айдын ичинде алимент өндүрүү ишин жүргүзүү керек болот.