// //

Сот эки тарапты карабай чечим чыгарып койду. Эмне кылсам болот?

2020.11.20, 16:06
1435

Саламатсызбы! Мага юристин жардамы керек эле. Негизи мыйзам боюнча 161/1 берене амнистия каралыш керек беле? Анан дагы ошол эле прокурор алты жыл сураса, бизге сот эки тарапты карабай, ошол эле алты жылды берди. Эми даттанайын дегем. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.11.2020, 16:07

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сурооңуз боюнча иштин материалдары менен таанышпай туруп толук жооп берүү кыйын жана сурооңуздагы толук берилбей калган. Эгер жалпысынан айтсак, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын 4-берене 1-бөлүгүндө "Мунапыс актысын колдонуу же болбосо колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам тууралуу зарыл маалыматтар болбогондо ага карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат" деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, менин оюмча сиз сурап жаткан берене КРнын 161-берене 1-бөлүк болсо керек (зордуктоо) эгер ошондой болго болсо бул кылмыш оор кылмыштын курамына кирет жана колдонууга жатат бирок жоопкерчиликтен толугу менен бошотпойт. Тактап айтканда оор кылмыш үчүн - эркиндигинен ажыратуунун өтүлө элек мөөнөтү 1/3ге кыскарат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт