Сахалинде, суук жерде иштейбиз. Жыныс мүчөбүзгө залакасы тийбейби?
2020.11.19, 12:44
1832
Саламатсызбы! Дос балдар болуп Сахалинде иштейбиз. Бул жак аябай суук. Сурайын дегенибиз, жыныс мүчөбүзгө залакасы тийбейби? Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2020, 12:45
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Жакшылап сактансаңар залакасы тийбейт. Бул үчүн жылуу кийингиле. Бутуңарды жылуу алгыла. Өзүңөрдү жакшылап карап, болушунча сактангыла. Сактангыла десе, беш-алты кабат кийим кийип албагыла. Тердеп кетсеңер дагы ооруп калышыңар мүмкүн. Шартыңар болсо, урологго барып кароодон өтүп тургула.
0
Пайдалуу жооп