// //

Күйөөм кыздарынан баш тартып, алимент төлөбөй турганын айтты. Эмне кылсам болот?

2020.11.19, 10:40
1538

Күйөөм менен сот аркылуу ажыраштык, ал үйлөнгөн. Алиментке бергениме үч айдан ашты, бирок дагы деле жооп жок. Алиментке бергенден кийин канча убакыт өткөн соң каралат? "Күйөөм алимент төлөбөйм, кыздардан баш тартам",- деп жатат. Балдарды өзүмө биротоло жаздыртып алсам болобу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2020, 10:44

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Эгерде алимент өндүрүү боюнча арыз менен сотко кайрылган болсоңуз, үч күндүн ичинде алимент өндүүрү боюнча соттук буйрук чыгарылып жолдошуңузга жиберилет. Ал буйрукту алгандан кийин 10 күндүн ичинде сотко каршы пикир менен кайрылбаса, анда соттук буйрук сизге берилет жана ал соттук буйрукту күйөөңүз жашаган аймактагы сот аткаруучуларга аткаруу үчүн арыз менен тапшырасыз. Сот аткаруучулар арызыңыз боюнча эки айдын ичинде алимент өндүрүү ишин жүргүзүү керек болот. Ушул процедураны аткардыңызбы?

Жолдошуңуз өз балдарынан баш тарткан күндө дагы алимент төлөөдөн бошотулбайт. Ошондой эле балдарды өзүңүздүн атыңызга каттатып жалгыз бой эне катары күбөлүк алалбайсыз. Анткени мыйзам жол бербейт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт