Кайын атам күйөөм экөөбүз салган үйдү өзүнө алгысы бар. Эмне кылсам болот?
Үйлөнгөнүбүзгө 10 жылдан ашты. Үч балабыз бар. Күйөөм экөөбүз балдарды таштап Москвада иштеп жүрүп үй салдык. Эми ошол үйдү кайын атам бизге белек кылып өткөрүп берем дейт. Себеи жер кайын атамдыкы, күйөөм улуусу болгондуктан атасынын атындагы жерге салган элек. Мен белек кылып өткөрүп беришине каршымын. Себеби кайын атам айыл өкмөттө иштеген адам, мыйзамды жакшы билет. Туугандары келгенде келинге канткенде мүлк тийбей калары жөнүндө наасат берип жатканын көп уккам. Эгер азыр кайын атам белек кылып өткөрсө, кийин мен ошондо эч кандай мүлктүн ээси болбой каламбы? Жашоодо ар нерсе болот эмеспи.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте, мен сиздин мындай көз карашыңызга кошулам жана туура деп эсептеймин. Эгерде кайын атаңыз мүлктү белек катары өткөрүп беремин десе, анда мүлктү сизге жана жолдошуңузга тең белек катарында өткөрүп берсин. Ушундай шарт менен келишиңиз.