// //

Сатып алчу батирди керээз кылып жаздырып алсак болобу?

2020.11.17, 17:17
1220

Менин бир тууган байкем батир алганы жатат. Бирок кандайдыр бир себептер менен өзүнө эмес, кайын энесине каттатышы керек. Ал болсо, кайра эле байкемдин баласына "даренный" кылып өткөрүп бериши керек. Баланын жашы жете элек. Ошол себептен таенесине каттатып, дароо эле небересине керээз кылып жаздырып алса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.11.2020, 17:18

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Батирди эки жол менен тең эле өткөрүп берсе болот.

Биринчисинде. Сиз айткан боюнча "даренный" кылып өткөрүп берсе, батир дароо баланын атына өтөт.

Экинчисинде. Керээз катара өткөрүп берсе, кайын энеси көз жумгандан кийин небересине өтөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт