Күйөөм сотко кайрылып кыздарыбызды өзүнө аларын айтып жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен жолдошум менен 2014-жылы баш кошуп, 2018-жылы сот аркылуу ажырашканбыз. Ал учурда бир кызыбыз бар эле. Кийин жарашып, кайра никеге турбай эле дагы бир кыздуу болдук. Ал кызыма азыр алты ай болду. Бирок биз дагы эки ажырым жолго түштүк. Улуу кызым атасында, кичүүсү менде. Сотко берип балдарды аларын айтып деп жатат. Кыздарыбыз кимге калат?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Ата-эненин экөө тең өз балдарына бирдей укуктуу. Ошондуктан силер өз-ара келише албасаңар, анда бул маселе сот тарабынан чечилет. Сотко силер кыздарды тарбиялоого шартыңар бар экендигин далилдеп берүүңөр керек болот. Анан сот бала ким менен жашаса баланын кызыкчылыктары коргоолорун тактап чечим чыгарат.