Дарыгер он күнгө чейин кулагыңа суу тийгизбе деди. Эми кантип даарат алам?
Беш убак намаз окуп баштагам. Доктурга барсам сол кулагымдын "точечный" нервдерине магнит сыяктуу нерселерди чаптап, 10 күнгө чейин суу тийгизбе деди. Эмне кылып даарат алсам болот?
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Бул жерде эч кандай көйгөй жок. Даарат алып намаз окуй берсеңиз болот. Себеби, кулакты эмес бетти жуу парз болуп эсептелет. Этияттап кулагыңызга тийгизбей, бетиңизди жууйсуз. Кулакты жуу мустахаб болуп эсептелет, мындайча айтканда милдеттүү эмес. Даарат алып жатканда бет жана милдеттүү болгон дененин башка жерлери жуулат. Кулакты, чачты, моюнду сүртүп жууп даарат алуу мустахаб. Ал эми кулакка чейинки бетти ээкти кошуп жуу парз болуп эсептелет. Кулак бетке кирбейт. Демек, колду чыканакка чейин жана бутту, чачтын төрттөн бир бөлүгүн сүртүү парз, калгандары сүннөт же мустахаб. Ошондуктан, кулагыңызга тийгизбей даарат алып, намаз окуй бериңиз.