Эки жаштагы кызым тырмактарын жеп коет. Кантип калтырсам болот?
Саламатсызбы! Кызым эки жашта, такай тырмактарын өстүрбөй жеп коет. Кантип калтырсам болот?
Владимир Манаковский
Невролог
Саламатсызбы! Тырмакты тиштөө - медицинада "онихофагия" дарты деп аталат. Бул оору стресстен, зериккенден улам пайда болот, кээде тукум кууйт. Адам ичинде болуп жаткан чыңалууну азайтуу максатында тырмактарын жей баштайт.
Тырмакты тиштөө атайылап эмес, билбестиктен жасалат. Бара-бара көнүмүш адатка айланып, нерв ооруларынын бир түрү - обсцесивдик-компульсивдик бузулууга алып келет.
Алгач, пайда болуу себебин аныктоо керек. Келип чыккан жолун билүү менен гана бул адаттан толугу менен арыла аласыз.
Кошумча нерселерди айта кетсем, тырмагына кооз маникюр жасап койсоңуз тиштегиси келбей калат. Дарыканаларда атайын лактар, кремдер сатылат, ошолорду алып колдонуңуз. Алардын даамы өтө ачуу, кокустан оозго салып алса коргонуу рефлекси пайда болот.
Эч эле болбой жатса, неврологго кайрылыңыз.