Күйөөм каза болуп калды? Үй менен машинаны кантип өзүмө өткөрүп алсам болот?
2020.11.13, 11:54
1785
Күйөөм каза болуп калды. Машина, үй мага өтөбү? Балдарынан өзүнчө жашайт элек. Балдарынан бир дагы сом албай, өзүбүздүн мээнет менен тапкан акчабызга там салып, машина алганбыз. Кантип өткөрүп алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2020, 11:57
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз үйдүн, автоунаанын документтерин, жолдошуңуздун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн, никелешүү жөнүндөгү күбөлүгүңүздү жана паспортуңузду алып мамлекеттик нотариуска кайрылууңуз керек болот. Ал эми сиздин кайрылууңуз боюнча мурасты кабыл алуу процедурасы башталат жана алты ай мөөнөт берилип, башка мураскорлордун кайрылуусу күтүлөт. Эгерде бул мөнөөт ичинде сизден башка эч ким кайрылбаса, анда алар мурасты кабыл алуудан баш тарты деп эсептелинет.
0
Пайдалуу жооп