// //

Эки жолу күйөөгө тийген аялдарды нике кыюу аземине киргизбейби?

2020.11.13, 10:45
2333

Саламатсызбы! Мен экинчи ирет турмушка чыккам. Эми эки никелүү болуп эсептелемби? Сиңдим күйөөгө чыгып, нике окулуп жатканда мени эки никелүү деп киргизбейби? Динибизде ушундай барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2020, 10:50

Кадыр Маликов

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог

Бул жерде эч кандай тыюулар жок. Нике кыюу аземине катышып, жадакалса сиңдиңиздин никесинде күбө болсоңуз дагы болот. Экинчи, үчүнчү же төртүнчү ирет турмушка чыгасызбы, бул нерсе эч кандай роль ойнобойт. Кабатырланбай эле коюңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт