Кайын атамдын үйүн өзүбүзгө кантип өткөрүп алсак болот?
2020.11.13, 10:32
1554
Кайын атам каза болду. Эми үйү кичүү баласына калабы? Өзүбүзгө кантип өткөрсөк болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2020, 10:35
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер мүлктүн ээси көзү тирүү кезинде, мүлкүн бир адамга керез кылып калтырган эмес болсо, анда мыйзам боюнча мураскорлордун ортосунда бөлүштүрүлөт. Бирок, ошол эле учурда каада-салтыбызда турак-жай кичүү балага калган. Жолдошуңуз үйдүн документтерин, кайын атаңыздын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн, өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана паспортун алып мүлк жайгашкан аймактагы мамлекеттик нотариуска кайрылып мурасты кабыл алуу иштерин жүргүзүүсү керек болот.
0
Пайдалуу жооп