Диплом кеч берилип калса, ЖРТга кайсы документ менен катыша алам?
2020.11.12, 16:31
1101
Саламатсызбы! Мен быйыл колледжди бүтөм. Диплом июлдарда берилет экен. Мен ЖРТга катышып, Манас университетине өтүү пландарым бар. Азыркы учурда курстарга барайын деп жаткам. Эгерде диплом кеч берилип калса, ЖРТга кайсы документ менен катыша алам? ЖРТ күнү көйгөйлөр жаралбайбы? Кайсы жерден тапшыра алам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.11.2020, 17:01
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Бул үчүн сиз колледждин өзүнөн каттоодон өтүшүңүз керек. Ошондо, окууну быйыл бүтөт деген кепилдик болот жана диплом колуңузга тие элек болсо дагы, колледждин бүтүрүүчүсү катары ЖРТга катталасыз. Диплом жок болсо, колледжди быйыл бүтөт деген маалымкат берилет. Ошонун негизинде тестке киресиз.
0
Пайдалуу жооп