Педагог студенттер 3-курстан баштап иштесе болобу?
2020.11.11, 16:28
1764
Саламатсызбы! Мугалим кесибинде 3-курста окуп жаткан студенттер иштей берсе болот деп уктум. Бул нерсе чынбы? Чын болсо, эмне кылуум керек? Иштеп акча таба берсемби дегем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.11.2020, 16:28
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Үчүнчү курстан баштап сабак берип мугалим болуп иштесеңиз болот. Ал үчүн мектептин педагогикалык чечими керек. Билимиңиз бүтпөгөн жогорку билим болуп эсептелип калат. Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн окуу жайыңыздын деканатына же иштөөнү каалаган мектептке кайрылып сурасаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп