Апам кечетен баштап кан сийип жатат. Эмне кылса болот?
2020.11.09, 13:52
2866
Саламатсызбы! Апам кечетен баштап цистит болуп кан сийип жатат. Эмне кылса болот? Үйдөн эмне кылыш керек? Дем алыш болуп бейтапканалар иштебей жатат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.11.2020, 14:02
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Зааранын кан аралашып чыгуусун “гематурия” деп коет. Себебин аныктоо үчүн бейтапты толук изилдөөгө алыш керек. Көйгөй бөйрөктө, заара түтүкчөлөрүндө же табарсыкта, эркектерде болсо, простата безинде, сийдик каналдарында ж.б болушу мүмкүн. Ошондой эле суук тийгенден да кан аралашкан заара чыгышы ыктымал. Так себебин билип туруп анан дарылоо жүргүзүлөт. Тезинен дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп