Каза болгон адамдын кийимдерин кие берсе болобу? Адис жооп берет
2020.11.09, 13:41
3191
Саламатсызбы! Каза болгон адамдын кийимдерин эмне кылыш керек? Пайдалана берсе болобу? Мисалы, баласы каза болуп калса, анын кийимдерин башка балдарына кийгизсе эч нерсе болбойбу? Шариятыбыз буга кандай карайт?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.11.2020, 13:42
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Ооба, кие берсе болот. Каза балгон адамдын кийимдерине байланыштуу эч кандай тыюулар, чектөөлөр жок. Бул нерсе адамдын маданиятынан көз каранды. Кээ бирөөлөр салтка жана башка себептерге байланыштуу кийимдерди таркатып жиберишет. Мен муну жакшы болот деп ойлойм, колунда бар үй-бүлө болсо, муктаждарга берип сооп алганы туура. Өздөрү деле керек болсо каза болгон адамдын кийимдерин пайдалана беришсе болот. Чоң кишиникиби же наристеникиби айырмасы жок.
0
Пайдалуу жооп