Жигитим сөйкө саларда бел суусу эрте түшөрүн айтты. Бул ооруну дарыласа болобу?
Анда эмесе сөз башынан болсун. Силердин кеңешиңер мен үчүн өтө маанилүү. Көп убакыт бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм. Ата-энелерибиздин батасын алып, сөйкө салдырарга жакын жигитим көп ойлончу болду. Акыры эмне болгонун сурадым. Анын негизги көйгөйү бел суусу бат эле, бир мүнөткө жетпей түшүп калат экен. Өзүм медикмин, жакшылап сурсам, простатит болгон эмесмин дейт. Бир мүнөткө жетпесе мөөнөтүнөн эрте эякуляция болушу мүмкүн экенин билем. Бул ооруну дарыласа болобу? Кайсы урологго барсак болот? Канча убакыт дарыланат? Жигитим менен чогуу бул илдетти жеңгим келет.
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Бизге келип көрүнсүн. Бишкек шаары, Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөсүндөгү Урология борборунун экинчи кабатында отурам. Анализ тапшырат, жыйынтыгына жараша дарыланат. Бул ооруну дарыласа болот. Болгону дарыгердин көзөмөлүндө болуп, айткандарын толук аткарышы керек. Ошондой эле бел суунун эрте түшүшү психологиялык көйгөйгө да байланыштуу болушу мүмкүн. Психотерапевт менен дагы иштешип койсо жакшы болот. Келиңиздер, көрүп дарылап беребиз. Редакциядан менин телефонумду алсаңар болот.