Жаңы жылдык окуя: Өлүп тирилген тоок
Бул окуя үч жыл мурун болгон. Анда мен 15 жашта элем.
Жаңы жылга аз калганда атам тоок сатып келет. Апам аны союп, мешке бышырат. Муну үй бүлөбүздүн кичинекей салты десек болот.
Адаттагыдай эле атам тоок алып келди. Семиз, чоң тоок экен. Апам "бүгүн кеч болуп калды, союп эле коеюн, жүнүн эртең жулам", - деп сарай жакка жөнөдү. Аз өтпөй үйгө келди.
Эртең менен апамдын ачуу кыйкырыгынан ойгондук. Атам кийинип - кийинбей сыртка чуркады. Эмне болуп кетти деп артынан чыгып, көргөн көзүбүзгө ишенбей, нес болуп туруп калдык.
Апам сойгон тоок огороддо бир нерселерди терип жеп жүрөт. Кызыгы мойну кесилүү, эти көрүнүп турат.
Каткырып күлүп кирдик. Апам атама "бычакты курчутуп кой десем укпайсың" , - деп жатты. Ошол жылы мешке бышырылган тоок жеген жокпуз.
Бир ажалдан аман калган тоок берекелүү болду. Жумуртка тууп, балапан чыгарып берди. Эми жыл сайын базардан сатып келбей, үйдөгү тооктордун бирөөсүн союп жейбиз.