Күйөөм менен боюмда барда ажырашып кеткем. Эми алимент өндүрө аламбы?
2020.11.05, 17:18
1416
Саламатсызбы! Мен 21 жаштамын. Жолдошум менен кош бойлуу учурда ажырашып кеткем. ЗАГСыбыз жок, кызымы өзүмдүн фамилияма жаздыргам. Учурда кызым алты айлык. Мыйзам боюнча алимент алууга укугум барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.11.2020, 17:21
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Мыйзам боюнча, ортоңордо ЗАГС жок жана кызыңыз өзүңүздүн атыңызда болсо деле, алимент алууга укугуңуз бар. Бул укугуңузду жүзөөгө ажырашуу үчүн , биринчи кезекте кызыңыздын атасын аныкташыңыз керек. Тактап айтканда сотко атасын аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрыласыз.
0
Пайдалуу жооп