Күйөөмдүн биринчи аялы ажырашууга макулдугун бербей жатат. Эмне кылсак болот?
2020.11.05, 11:09
2348
Саламатсызбы! Мен жолдошумдун экинчи аялымын, биринчиси менен "төрөбөйт" деп ажырашыптыр, бирок талак эле берген экен. ЗАГС аркылуу ажырашканга аялы макулдугун бербей жатат. Жолдошум өзү эле арыз жазып ажырашса болобу? Биздин эки балабыз бар. ЗАГСка турушубуз керек болуп жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.11.2020, 11:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Күйөөңүз өзү арыз жазып, сотко кайрылып, ажырашуу ишин баштаса болот. Эгер биринчи аялы ажырашууга макулдугун бергенде ЗАГС органдарына кайрылуу менен гана бүтүп калмак. Макул болбой жаткандыгына байланыштуу иш сотко өтөт. Сот жубайлардын мындан ары бирге жашоосу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келсе, ажыраштырып коет.
0
Пайдалуу жооп