Ажырашайын десем күйөөм буюмдарымды бербей жатат. Эмне кылсам болот?
2020.11.04, 16:33
1840
Саламатсызбы! Биз ЗАГС алган эмеспиз, ортобузда бала да жок. Ажырашалы деп жатабыз, бирок менин буюмдарымды бербей жатат. Эмне кылсам болот.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.11.2020, 16:35
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Нике эки тараптын макулдашуусу менен курулат. Эгер мындан ары жашоого мүмкүн болбосо, аны менен жашоого сизди эч ким мажбур кыла албайт. Бүгүнкү күндө силердин никеңер катталбаганына байланыштуу, сот же ЗАГС аркылуу ажырашуу жүргүзө албайсыз. Андыктан, “жашабайм” деп, каалаган учурда кете берсеңиз болот. Жүгүңүздү алуу боюнча милицияга же сотко кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп