Окууну 2006-жылы аяктагам. Эми мугалим болуп иштей аламбы?
2020.11.04, 15:32
1537
Саламатсызбы! Менин суроом төмөнкүчө. Мен Баткен мамлекеттик окуу жайын кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө 2002-жылы тапшырып, 2006-жылы аяктагам. Тилекке каршы, жолдошум иштетпеди. Эми кайра мугалим болуп иштөөмө уруксат берди. Мени мугалимдикке жумушка алабы? Өзүбүз Бишкек шаарында, Новопавловкада турабыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.11.2020, 16:02
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Ооба, иштей аласыз, эч кандай көйгөй жок. Бул үчүн документтериңизди топтоп, мугалимдик кесипке ваканция бар жерге, айталы, мектепке, университеттке жана башка жактарга резюмеңизди таштап коюңуз. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп