Интернеттеги төшөк алсыздыгын дарылай турган дарыларга ишенсе болобу?
2020.10.30, 11:10
1963
Саламатсызбы! Интернеттен төшөктөгү алсыздыкты дарылай турган дарыны көрдүм. Бир белгилүү уролог сунуштап жаткан сүрөтү бар экен. Демек, врач өзү сунуштап жатса, ал дарыга ишенсе болот да, туурабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.10.2020, 11:31
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Интернетте крем сүйкөгүлө, дары ичкиле деген көп жарнамалар бар. Бирок, айтып коюш керек, ал дары дармектер изилденген эмес, жөн гана жалган сөздөр. Калп эле бир белгилүү дарыгердин сүрөтүн коюп, ал сунуш берип жатканын жазып коюшат. Андай адамдар эч кандай сунуш бербейт, жазылган сунуштары туура эмес. Ошол себептен бейтапканага барып, дарыгерге көрүнгөндөн артык нерсе жок.
0
Пайдалуу жооп