Мас абалында айтылган талак эске алынабы же жокпу?
2020.10.27, 17:19
2694
Саламатсызбы! Күйөөсү мас болуп келип талак деп айтып салса эмне болот?Ошондо талак түшкөн болуп эсептелеби? Же эс-учун билбей айтып алды деп эске алынбайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.10.2020, 17:20
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Мас абалында айтылган талак түшөт. Себеби, адам мас болгон учурда дагы эмне деп айтып жатканын жакшы билет. Көпчүлүк мас абалында айтылган талак түшпөйт деп ойлошот. Бирок, андай эмес. Мас абалында айткан талак түшкөн болуп эсептелет.
0
Пайдалуу жооп