Үч айлык баламдын чочосунун башы түрүлүп калат. Эмне кылсам болот?
2020.10.24, 11:09
1646
Саламатсызбы! Үч айлык баламдын чочосунун башы түрүлүп калат. Эмне кылсам болот? Эч кандай коркунучу жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.10.2020, 11:11
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Эркек баланын жыныс мүчөсүнүн башында “крайний плот” деген тери бар. Ал чочосунун башын жаап турат. Негизинен ал түрүлүп кайра ордуна келип турганы жакшы. Анткени фимоз болбойт. Мындай учурда эч кандай зыяны деле жок. Ошентсе дагы урологго бир алып барып көрсөтүп коюңуз.
0
Пайдалуу жооп