// //

Боюмда бар экенин апама кантип айтам? Кыздарга кеңеш

2018.12.26, 11:11
2787

Эмне кылсам? Калп айтсамбы? Же... Жок, аборт тууралуу ойлонгум да келбейт. Эмне кылыш керек?

Үй-бүлө балдар үчүн курулат! Ымыркай үй - бүлөдө төрөлүп, үй – бүлөдө жашашы керек. Бирок, жашоодо ар кандай болот.

Эгер жашың жете элек окуучу болсоң, ата-энеңе дароо айт. Сага жардам керек, өз алдынча эч нерсе кыла албайсың. Алар боюңда кылган жигит менен сүйлөшөт. Жашы жетпегендерди азгыруу – кылмыш!

Окуучу эмес болсоң, маселе "жигит сага үйлөнөм деп жатабы же жокпу?" суроосуна карап чечилет.

Кандай болгон күндө да, ата-энеңден көз каранды болсоң, өзүңдүн үйүң, жумушуң жок болсо, мүмкүн болушунча тез арада сүйлөшүү керек.

Баланы сактап калуу же бойдон алдырууну өзүң чечесиң.

Энеге айтуу кыйын, бирок айла жок! Минтсең болот: “Апа, сиз менин эң жакын жана сүйүктүү адамымсыз. Сиз гана мени түшүнүп жана жардам бере аласыз. Мен бир баланы сүйүп калгам, ал да мени жакшы көрөөрүн айтчу жана убада кылган (же кылган эмес)... Мен күнөөлүмүн, жакында боюмда бар экенин билдим. Мага жардам бергилечи!"

Сен төрөгөндө бардык түйшүктү апаң тартат.

Кыздар, "тойго чейин жыныстык катнашка барба", - деп апаңар айтса керек. Эгер андай боло турган болсо, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгула! Алар кош бойлуулуктан гана эмес, уяттан, аборттон, тукумсуз болуп калуудан сактайт, тагдырыңарды талкалабайт: билим алып, жумуш таап жана турмушка чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Өзүңө жана келечегиңе кам көр!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт