// //

Азыр мектепте китепке аренда төлөнөбү? Адис жооп берет

2020.10.16, 11:22
1713

Саламатсызбы! Мектепте китептин арендасы барбы? Аренда төлөш керепи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.10.2020, 11:34

Марина Гречаная

КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты

КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жыл сайын мектептерде ижарага бериле окуу китептердин тизмеси бекитилет.

Министрликтин буйругу менен, 2020-2021-окуу жылына бир окуу китебинин ижара акысы 25 сомду түзөт, ал окуу жылына бир жолу төлөнөт.

Окуу китептерин кандай окуучулар бекер алат:

  • 5 же андан көп балалуу үй-бүлөлөрдөн;
  • Социалдык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн;
  • Ата-энесинин бири же экөө тең 1-2-топтогу майып болгон үй-бүлөлөрдөн;
  • Толук эмес ата-энелерден;
  • Аскер кызматы үчүн жооптуу үй-бүлөлөрдөн, аскердик же кызматтык милдетин аткарууда каза болгон же майып болуп калган укук коргоо органдарынын кызматкерлери;
  • Жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  • Майып балдар.

Мындан тышкары, 3-4 балалуу үй-бүлөлөр китептин ижара акысын 50% арзандатуу менен төлөшөт.

Мындан тышкары, окуу китептерин ижарага алуу боюнча бардык материалдар www.kitep.org.kg сайтында жайгаштырылган.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт