Кулактын тарсылдагы жарылса, кайра өзү эле бүтөбү? Лор жооп берет
Саламатсызбы. Балам 4 жашта, грипп болуп ооруп, кулагынын тарсылдагы үч жолу жарылган. Акыркысында бир кулагы начар угуп калды. Лорго көрсөтсөм, тарсылдагы жарылгандан эмес, кулагында суу болсо да укпай калат дейт.
Суроом тарсылдагы жарылса, кайра бүтөбү? Баланын кулагын улам-улам аппарат менен текшерген зыян эмеспи?
Владимир Пак
Отоларинголог
Кутман күн! Кичинекей балдарда отит оорусу көп эле кездешет, кулагынын тарсылдагынын жарылып кетиши да сейрек эмес. Адатта, дарылагандан кийин тарсылдак өзү калыбына келет. Бирок бала улам-улам ооруй берсе, кулагынан ириң акса, анда тарсылдактын тешиги бүтөлбөй калат.
Сиз айтып жаткандай тарсылдактын арткы тарабына суюктук толуп калышы мүмкүн. Мындай көрүнүш да угуунун төмөндөшүнө алып келет.
Кулак, мурун, ооз бири-бири менен тыгыз байланышкан. Кулакты дарылоо үчүн мурундун таза болушу жана эркин дем алуусу маанилүү.
Баланын кулагын аппаратка түшүрүү зыян эмес. Ал аппарат болгону электр жарыгы, микроскоп жана видеокамерадан (эндоскоп) турат. Булар кулак үчүн абсолюттук түрдө коопсуз.
Ден соолукта болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.