Кызынын белеги атасын ыйлатты. Жаңы жылдык окуя
Ошол жаңы жылды эч качан унутпайм.
Жаңы жылга аз калганда шефим айлыгымды бербей койду. Пландардын баары бузулду. Үйгө ачууланып кирип бардым.
Кызым телевизордун түбүндө олтуруп алып, бут кийимдин коробкасына аппликацияларын чаптап жатыптыр. “Окууңа керектүү кагазды жөн эле корото бересиңби”, - деп бурк эттим. Байкуш кызымдын көздөрү чакчайып кетти. Тамак да ичпей, түз эле барып жатып алдым.
Эртеси эртең менен кызым келип ойготуп, “Ата, бул сага!” - деп кечинде кооздоп жаткан коробканы берди. Уялып кеттим.
Ачсам ичи бош экен. “Сен эмне! Мени шылдыңдап жатасыңбы?! Белектин ичинде бир нерсе болушу керек экенин билбейсиңби!” - деп коробканы ыргытып жибердим.
Кызымдын көзүнөн жаш тоголонуп, акырын шыбырады: “Ата ал бош эмес. Ичинде көп “поцелуйчиктерим” бар болчу”.
Тизелей калып, кызымды кучактадым. Кечирим сурап, ыйлап жаттым.
Коробка керебетимдин түбүндө сакталуу. Кызым чет жака окууга кеткен. Акылдуум менин, татынакай кыз болуп чоңойду. Аны сагынганда коробканы ачып, “поцелуйчиктеринен” бирди алам.