Карызымды бербей Москвада качып жүргөн адамдан кантип акчамды алам?
2020.10.14, 12:08
1089
Саламатсызбы! Москвада акча алып алдап качып жүргөн адамдан кантип акчаны өндүрө алам? Ал киши Россиянын, мен Кыргызстандын. Кимге арыздансам болот жана кандай жол менен ала алам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2020, 12:11
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Милицияга же сотко доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Окуя Москва шаарында болгондуктан, сиз ошол жактын милициясына кайрылууңуз керек болот. Анткени кылмыш ошол жакта болуп жатат. Сотко болсо карызкор жашаган жерге кайрыласыз. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, силердин ортоңордо келишим болгонбу же ал адам ишенимиңизге кирип акчаны алганбы, ошол жагдайды тактоо зарл. Эгерде жазуу жүзүнө келишим болгон болсо анда сотко кайрыласыз.
0
Пайдалуу жооп